Интернет айдыңына милиция кызматкерлерин тоготпой мушташып жаткан жаштардын видеосу тарады.
Тасмадан жулмалашкан адамдарды, аларды ажырата албай жаткан милиция кызматкерлерин көрүүгө болот.
Милиция кызматкерлери ок чыгарып жатып, жаңжалды токтотушкан.
Ошондой эле милиция кызматкерлерине да кол салуу болгону айтылууда.
Окуя качан болгон азырынча белгисиз, бирок алдын ала маалыматтар боюнча тасма Бишкек шаарында тартылган. Тасмадан октябрь району деп айтып жатканын угууга болот.