Милиция “Полит Узник” баракчасынын авторун суракка алып кетти

14.08.2022 | 19:15

Милиция кызматкерлери “Полит Узник” баракчасынын автору Ырыс Жекшеналиевди суракка алып кетти. Бул тууралуу ал өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Президенттин буйругу иштеп баштады. Мени 10-бөлүмдүн кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып бара жатышат. “Полит Узник” баракчам боюнча”, – деп жазган алган.

Ырыс Жекшеналиевдин кайсы маселе боюнча суракка алынып кеткендиги тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалыматты тактап берерин билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top