Милиция «Полит Узник» баракчасынын авторун суракка алып кетти

Милиция «Полит Узник» баракчасынын авторун суракка алып кетти

Милиция кызматкерлери «Полит Узник» баракчасынын автору Ырыс Жекшеналиевди суракка алып кетти. Бул тууралуу ал өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Президенттин буйругу иштеп баштады. Мени 10-бөлүмдүн кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып бара жатышат. «Полит Узник» баракчам боюнча», — деп жазган алган.

Ырыс Жекшеналиевдин кайсы маселе боюнча суракка алынып кеткендиги тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалыматты тактап берерин билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>