Абдил Сегизбаев милицияга суракка алынып келди — сүрөт

Абдил Сегизбаев милицияга суракка алынып келди — сүрөт

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келди. Бул тууралуу «Полит Узник» телеграм каналы билдирди.

Буга чейин аталган башкармалыкка «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев суракка алынып кеткен.

Алардын суракка алынышы Жетим-Тоо кени боюнча жасалган билдирүү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби бүгүн, 14-августта президент Садыр Жапаров айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Азырынча ИИМ бул суракка алуулар боюнча маалымат бере элек. Мындан мурдараак ИИМдин басма сөз кызматы Ырыс Жекшеналиевдин суракка алынып кеткендиги боюнча маалыматты тактап берерин билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>