Милиция: Тажикстанга 21 баш бодо малды өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Милиция: Тажикстанга 21 баш бодо малды өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткенде Тажикстанга аткезчилик жол менен бодо мал өткөрүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, М.Ы. аттуу жаран 21-июлда Өзгөндөн 21 баш бодо мал сатып алып, аларды Тажикстанга аткезчилик жол менен өткөрүүнү пландаган. Ал айдоочу жалдап, «Баткен районунун Кара-Бак айылына алып барсаң, сени балдар күтүп алат» деп жөнөткөн.

Ошол эле күнү алар кыргыз-тажик чек арасында малды унаадан түшүрүп, бакка байлап жатканда, милиция менен чек арачылар баркелип калган. Ошол учурда эки адам качып кеткен. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери шектүү М.Ы. менен айдоочуну колго түшүргөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгы милицияга жеткирилип, суракка алынган. Шектүү катары М.Ы. жана А.К. уулу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Камакка алынган шектүүлөр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>