ЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук берди

09.09.2026 | 11:24
ЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук берди — Новости Кыргызстана

Бектургановдун талапкерлигин парламентке президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады. 8-сентябрда анын талапкерлигин парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жактырган.

Буга чейин Бектурганов башкы прокурордун милдетин аткарып келген. 2026-жылдын февралында ал башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалган. Максат Асаналиев кызматтан кеткенден кийин башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу Бектургановго жүктөлгөн.

Малик Бектурганов 1974-жылы 17-декабрда Фрунзе шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Ал эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн прокуратура органдарында өткөргөн. Ар кайсы жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, Жалал-Абад жана Ош шаарларынын прокурору болуп иштеген. 2024-жылдын июнунда башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган.

Scroll to Top