Жапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышат

14.09.2026 | 13:13
Жапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышат — Новости Кыргызстана

Быйыл Жапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

12-сентябрда агенттикте Азия оюндарына бара турган Кыргызстандын курама командасына Мамлекеттик желек тапшыруу аземи өткөн. Желекти спортчуларга агенттиктин директору Урмат Асанбаев тапшырып, аны курама команданын капитаны, боксчу Мырзакир Кошалиев кабыл алган.

Азия оюндары 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Жапониянын Нагоя шаарында өтөт.

Кыргызстандын курама командасы Азия оюндарына төмөнкү спорттун 30 багыты боюнча катышат: күрөш (грек-рим, эркин, кыз-келиндер), дзюдо, бокс, сууда сүзүү, жаа атуу, оор жана жеңил атлетика, фехтование, триатлон, гимнастика, таэквондо, ок атуу, кайык жарышы, кураш, каратэ, ушу-саньда, ММА, киберспорт, джиу-джитсу, гольф, волейбол, парус спорту, стол үстүндөгү теннис, текбол, футбол.



Scroll to Top