«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди

Борбордук Азия чөлкөмүнүн тез жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрү (БАР ТЖКК / КСБР ЦАР) ЖККУнун жоопкерчилик аймагында биргелешкен операцияларды жүргүзүүгө дайыма даяр турушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Казакстанда «Рубеж-2026» машыгууларынын ачылышында уюмдун башкы катчысынын орун басары Мирлан Тургунбеков билдирди.

«Рубеж-2026» машыгуусуна Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери да катышууда.

«Борбордук Азия чөлкөмүнүн тез жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрү татаал аскердик-саясий кырдаалдын жана аймактык туруксуздуктун шартында ЖККУнун жоопкерчилик аймагында биргелешкен операцияларды өткөрүүгө туруктуу даярдыкта болушу зарыл», — деди ал.

Тургунбековдун айтымында, машыгуулар эл аралык мамилелер системасынын кризиси жана Борбордук Азия чөлкөмүндө чыр-чатак потенциалынын сакталып калышы шартында өтүп жатат.

Ал ЖККУ өлкөлөрү заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын өнүктүрүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатканын белгиледи.

Тургунбеков ошондой эле «Рубеж-2026» машыгуусунун саясий жана аскердик маанисин Казакстандын Куралдуу Күчтөрүнүн «Решительный отпор-2026» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу менен бирдиктүү максат жана пландын негизинде өтүп жатканы арттырып жатканын баса белгиледи.
Биргелешкен машыгуунун активдүү баскычы Казакстандагы «Көктал» полигонунда өтүүдө. Аскер кызматкерлери ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоону жана жүргүзүүнү өздөштүрүшүүдө.

Ачылыш аземине Мирлан Тургунбеков, Казакстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары генерал-майор Аскар Жоламанов, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысынын орун басары генерал-лейтенант Руслан Шпекбаев жана башка расмий адамдар катышты.