Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
Чүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилди
14.09.2026 | 12:31

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылында «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» ЖЧКсынын тоок фабрикасы пайдаланууга берилди. Бул туралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Долбоорду ишке ашырууга 450 млн сом инвестиция тартылып, ишканада 145 жумуш орду түзүлдү. Өндүрүштү баштоо аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана ички рынокту продукция менен камсыздоого багытталган.
Айыл чарба министрлиги өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду колдоону улантарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика