Салык кызматы жаңы фискалдык программалык камсыздоону сыноо долбоорун аяктоодоКыргыз театры Авиньон фестивалында дебют жасап, француздарды багындырдыАКШ Иорданиядагы базасына жасалган чабуулдан кийин Иранга сокку урууну кайра жандандырдыЭмомали Рахмон Кыргызстанга келдиБашкы аталышы:ИИМ: Бишкекте улгайган аялга кол көтөргөн адам анын жолдошу болуп чыктыСадыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады
Дарбызды кантип тандоо жана сактоо керек — Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун кеңештери
18.06.2026 | 10:51

Аптаптуу күндөрдүн келиши менен дарбыз эң популярдуу сезондук азыктардын бирине айланат. Бирок аны коопсуз колдонуу дарбыздын сапатынан гана эмес, аны сактоо жана иштетүү эрежелерин сактоодон да көз каранды.
Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунан дарбыз жерде өсүп, топурак жана суу менен түздөн-түз байланышта болорун, ошондуктан анын кабыгында ар кандай микроорганизмдер болушу мүмкүн экенин эскертишти. Эгерде дарбызды кесер алдында жакшылап жуубаса, бычак аркылуу бактериялар анын ичине (этине) кирип кетиши мүмкүн.
Адистер дагы эмнелерди эскертишет:
- сатып алууда дарбыздын сырткы көрүнүшүнө көңүл буруңуз — ал бүтүн, жаракасы, ийилген же жумшак жерлери жок болушу керек, ал эми бети таза жана кургак болушу шарт;
- жегенге чейин дарбызды агын суунун астында жакшылап жууш керек, ал эми кесүү үчүн таза бычак жана кесүүчү тактаны колдонуу сунушталат;
- кесилген дарбызды сактоодо өзгөчө этият болуу зарыл — бөлмө температурасында аны эки сааттан ашык сактоого болбойт;
- кесилгенден кийин дарбызды тамак-аш плёнкасы менен жаап же жабык идишке салып, муздаткычка сактоо керек.
Тамак-аш коопсуздугу боюнча сунуштарга кичинекей балдары бар үй-бүлөлөр, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана иммунитети начар адамдар өзгөчө көңүл буруусу зарыл.