Ден соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилдиКыргызстанда балдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушталууда. Айып пул — 55 миң сомго чейинКара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалдыБишкекте ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлөтМамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту
Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды
06.11.2026 | 11:52

Жеңишбек Асылбек мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров койду. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
38 жаштагы Жеңишбек Асылбек буга чейин Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматында иштеп жаткан.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, жаңы мэр Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясынан билим алган. Ал УКМКда, Энергетика министрлигинде, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Кара-Балта, Мэр