Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
Саясый, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү үчүн Улан-Батор шаарында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү түзүлөт.
Министрлер кабинетине элчиликти уюштуруу жана каржылоо иштерин камсыздоо тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз