Оштогу стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Оштогу стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоор боюнча, стадиондогу 12 миң 500 отургучтун баары алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөрү оңдолот.

23-майда стадионго мэр Бакытбек Жетигенов барып, оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Ал жумуштарды белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү керектигин айтып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

Белгилей кетсек, стадиондогу оңдоо иштерин Эгемендик күнүнө карата бүткөрүү болжолдонууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>