Баткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылышты

Баткен районундагы Үч-Дөбө жана Ак-Татыр айылдарынын ортосунда жайгашкан сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Reporter.kg’нин «Элдик репортер» рубрикасына билдирип, канал жазга чейин бүтпөсө, айылды сел каптап кетүү коркунучу бар экенин айтты.
Анын айтымында, сел каналын бетондоо боюнча жумуштар беш ай мурун, июнь айында, башталып, каналдын эки тарабындагы бак-дарактар тездик менен кыйылган. Бирок ошондон бери курулуш иштери аябай жай жүрүүдө. Ушул убакка чейин чакырымдарга созулган каналдын 200 метр гана жери бүткөн.
Тургун башка айылдарга барчу сел жолдору дагы ушул каналга бурулганын, эгер анын курулушу 2027-жылдын жаз айларына чейин бүткөрүлбөсө, сел суулары үйлөрдү жана короо-жайларды каптап кетүү коркунучу бар экенин билдирди.
“Жумуш өтө жай жүрүп жатат. Бүтүрбөсө, аябай кооптуу болуп жатат. Бизге март-апрель айларында чоң сел келет. Үйлөрдү бүт жууп кетет”,- деди ал.
Жаран ошондой эле беш ай ичинде курулуштун жүрүшүн текшерип, район же облус жетекчилиги аймакка келбегенин кошумчалап, президент Садыр Жапаровдон сел каналын куруу ишин өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.