Мушташкан балдарды ажыратам деп барып башына сокку жеп, комага түшкөн жаран каза болду

Мушташкан балдарды ажыратам деп барып башына сокку жеп, комага түшкөн жаран каза болду

Чүйдүн Кара-Балта шаарында мушташып жаткан балдарды ажыратам деп барып башына сокку жеп комага түшкөн жаран каза болду. Бул маалыматты облустук милициядан ырасташты.

Маркум 46 жашта болгон. Ал кечээ, 11-августта ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, аталган окуя 2-августта Ленин атындагы маданият үйүнүн жанындагы сейил бакта болгон. Чыгырыкты (самокат) киреге берип иштеген 15 жаштагы өспүрүм (Б.А.) кардар бала менен кайым айтыша кетип, алардын чыры топ балдардын мушташына айланган. Окуя жерине жакын жайгашкан «Алтын Шафран» кафесинде эс алып жаткан К.У. аттуу 46 жаштагы жаран чуркап барып, мушташкандарды ажыратууга аракет кылган. Бирок ал башка сокку жеп, шаардык ооруканага жеткирилген. Жабыркаган адам комага түшүп калган.

Аталган окуя боюнча «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

3-августта бул ишке шектүү катары 15 жаштагы С.А. аттуу бала кармалган. Соттун чечими менен ал 2 айга үй камагына алынган.

Ошондой эле 5-августта дагы бир шектүү — 15 жаштагы Б.А. кармалып, соттун чечими менен ал 1 айга камакка алынган.

Учурда соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Инстаграмдагы «Социалдык блог» баракчасы жазгандай, окуя күнү Адилет жана Эрлан деген балдар (аттары өзгөртүлдү) чырдашып, мушташа кеткен. Ошол учурда «Алтын Шафран» кафесинде туулган күндү белгилеп жаткан адамдар сыртка чыккан. Канат (аты өзгөтүлдү) мушташып жаткан балдарды көрүп, аларды ажыратууга барган. Ал мушташкандарды ажыратып, Эрланды үйүнө жөнөткөн. Эрлан кеткенден кийин анын артынан Адилет барып, сөзүн улантмакчы болгон.

Канат аны көрүп калып, чыр уланбасын деп аларга барат. Аларды токтотом деп Канат Адилетти бетке чаап жиберет. Андан кийин Адилет байкесин чакырат. Адилеттин агасы Мирлан (аты өзгөртүлдү) достору менен келип, ал Канат менен жакалаша кетет. Бир маалда топ балдардын арасынан бирөө Канатты башка уруп жиберет. Канат жерге кулап түшөт. Ошол учурда окуя жерине Канаттын туугандары менен достору чуркап келет. Ал арада топ бала туш-тушка чачырап кетет.

Чакырылган Тез жардам Канатты ооруканага алып кетип, ал комага түшкөнү белгилүү болот.

Учурда шектүүлөрдүн бири катары Адилет кармалган.

Чүйдө мушташкан балдарды ажыратам деген киши башына сокку жеп, комага түштү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>