Бишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып бердиБыйыл агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилдиБир басуудагы коркунуч: алдамчылар вирус жуккан телефондор аркылуу акчаны кантип уурдашат жана бул учурда эмне кылуу керек?
Бишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөт
30.10.2026 | 12:10

2-ноябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 17:00дө театрлаштырылган оюн менен башталып, кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен уланат.
Программага Асылбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Курал Чокоев, Жийдеш Идирисова, Жанар Туратова, Малика Дина, Бегиш, Миран Жанарбаев, Эра, Эламан Каныбеков, Насип Мырза жана «Мета» тобу катышат.
Концертти көрүү акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият