Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 20 теңгелик банкнот жүгүртүүгө чыкты

Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 20 теңгелик банкнот жүгүртүүгө чыкты

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен 20 миң теңгелик жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы маалымдады.

Улуттук банк муну «Казакстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган» иш деп сыпаттаганы менен маалымат Казакстандын туңгуч президентинин күнүндө, 1-декабрда жарыяланды.

20 миң теңге – Казакстан улуттук валютасынын номиналы эң чоң банкноту. Куну болжол менен 46 АКШ долларына барабар. Азыр колдонулуп жаткан башка номиналдуу теңгелерде адамдын сүрөтү жок.

Банкноттун бир бетине 2019-жылы кызматынан кеткен экс-президент Нурсултан Назарбаевдин голографиялык сүрөтү менен кошо Нур-Султандагы «Казак эли» монументи, борбор калаадагы триумфалдык арка жана казак улуттук орнаментинин фрагменти түшүрүлгөн. Экинчи бетинде Назарбаевдин портрети, Нур-Султан шаарынын жана президенттин резиденциясы – Акордонун панорамалык көрүнүшү, Казакстан эгемендигинин 30 жылдык белгиси бар.

Назарбаевдин сүрөтү бар мааракелик 10 миң теңгелик банкнот 2016-жылы чыгарылган. Анын бет ачары да Президенттин күнүнүн алдында болгон. Ал кездеги улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев банкнотту тааныштырып жатып, Назарбаевди Нельсон Мондела, Мустафа Кемал Ататүрк, Ли Куан Ю, Уинстон Черчилль сыяктуу тарыхый инсандарга салыштырган.

Казакстандын улуттук валютасы — теңге 1993-жылы 15-ноябрда жүгүртүүгө чыккан. Ал кездеги банкноттордо Абылай-хан, Абай, Курмангазы жана башка тарыхый инсандардын сүрөттөрү болгон. 2000-жылдары жаңы дизайндагы, кишилердин сүрөттөрү жок акчалар жүгүртүүгө чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>