Кыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алынды

26-октябрдан 30-октябрга чейин өткөрүлгөн «Канал-Каспий маягы» эл аралык баңгизатка каршы операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11,4 тоннадан ашык тыюу салынган зат алынды. Бул тууралуу ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишими уюму) алкагында уюштурулган операциянын алдын ала жыйынтыктарында айтылат.
Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаралар уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында Кытай менен Ирандын катышуусунда өттү. Операцияга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын 9 миңге жакын кызматкери, ошондой эле Кытай менен Ирандын укук коргоо органдарынын 2 миңден ашык өкүлү тартылган.
«Баңгизаттарды жеткирүү каналдарын, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы аркылуу ташууну бөгөттөө, эл аралык баңгитоптордун ишине бөгөт коюу, көмүскө өндүрүштөрдү жоюу жана баңгибизнестин каржылык схемаларын аныктоо негизги милдеттерден болду», — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо органдары 790 баңгикылмышын аныкташкан (анын ичинде 81 контрабанда фактысы) жана 101 баңгитоптун бетин ачышкан. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштар үчүн 376 адам кармалды. Алардын ичинен 135и — ЖККУга кирбеген мамлекеттердин жарандары. Мындан тышкары, издөөдө жүргөн 59 адам колго түшүрүлгөн.

ЖККУ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Ирандын аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкүлөр алынды:
• 11 тоннага жакын баңгизат;
• 9,4 кг психотроптук зат;
• 23 кг күчтүү таасир этүүчү зат;
• 8 тонна прекурсорлор;
• 200 миңге жакын курамында баңгизат бар өсүмдүк түбү;
• 153 миңден ашык тыюу салынган таблетка;
• 213 даана ок атуучу курал жана 1 миң 722 ок-дары.
Түздөн-түз ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында 1 тонна 260 килограммдан ашык марихуана, 232 килограммдан ашык гашиш, 47 кг альфа-PVP, 68 килограммдан ашык мефедрон, 31 кг героин жана 3 килограммга жакын прекурсор алынганы өзүнчө белгиленет. Ошондой эле баңгизат тууралуу тыюу салынган маалыматтар таратылган 674 интернет-сайт аныкталган.
Операциянын жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун (ЕАГ) финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жалпы суммасы 1 миллиард рублдан ашкан 80 миңден ашык каржылык операцияны аныкташты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бул операциялардын басымдуу бөлүгү жеке жактардын, анын ичинде «наркодроптордун» эсептерине акча которуу, каражаттарды топтоо жана андан ары накталай акчага айлантуу, ошондой эле криптовалютаны конвертациялоо менен байланышкан.