Садыр Жапаров ЖККУ жыйынында: Кыргызстан жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулат

11-ноябрда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы болуп өттү. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышты. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөп, өлкө жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулаарын белгиледи.
Өз сөзүндө Жапаров үстүбүздөгү жылы кыргыз аскер кызматчылары Казакстан, Орусия, Беларусь жана Тажикстандагы аскердик машыгууларга жигердүү катышканын билдирип, Кыргызстан 2027-жылы да уюмдун биргелешкен иш-чараларын кабыл алууга даяр экенин айткан.
Ал терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө органдардын кызматташуусун, анын ичинде «Канал» операциясын чыңдоо керектигин билдирген. Ошондой эле Афганистандагы кырдаалга токтолуп, чек ара коркунучтарына каршы чараларды көрүү, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү жана гуманитардык маселелерди чечүү зарылдыгын белгилеген.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү алкагында аймактык коопсуздук жана превентивдүү дипломатия маселелери боюнча ЖККУ өнөктөштөрү менен кызматташууга даяр экенин билдирген.
Жыйындын соңунда мамлекет башчылары тарабынан кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого багытталган 18 документке кол коюлган. Алардын катарында саясий байланыштарды, уюмдун аскердик багытын өркүндөтүү, терроризмге каршы күрөшүүдө аракеттерди координациялоо жана жумушчу органдардын ишине тиешелүү чечимдер бар. Атап айтканда, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынган жана уюмдун Бириккен штабынын башчысы кызматына генерал-полковник Андрей Сердюковду үч жылдык мөөнөткө дайындоо чечими бекитилген.