Чүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү берди

13.11.2026 | 17:45
В Чуйской области ожидаются заморозки: милиция предупредила водителей — Новости Кыргызстана

15–17-ноябрь күндөрү Чүй облусунун аймагында абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Чүй облустук милициясы бул күндөрү жолдордо муз тоңуп, тайгалак болушу мүмкүн экенин билдирип, жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын көрүүгө чакырды. Алар:

  • Унаанын техникалык абалын, дөңгөлөктөрүн жана тормоздук тутумун алдын ала текшерүү;
  • Кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу;
  • Жолдордо ылдамдыкты азайтып, аралыкты сактоо;
  • Тормоз басууда жана маневр жасоодо этият болуу;
  • Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерде көңүл буруу;
  • Жолго чыгар алдында аба ырайы жана жол шарттары тууралуу маалыматтарды эске алуу.

Чүй ОИИББ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.

Теги: жол, үшүк, Чүй
Scroll to Top