BITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалды

13.11.2026 | 16:55
BITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында каржы пирамидасын уюштурууга шектелип, 62 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир нече жаран милицияга арыз менен кайрылып, «BITEVOLUTION» компаниясынын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтышкан. Арыздануучулар компания өкүлдөрү эки эселеп кайтарып берүү убадасы менен алардан акча алып, бирок аны аткарбай изин жашырып кетишкенин билдиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Финансылык пирамидаларды уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында К.Г.Э. аттуу шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү жана ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Милиция аталган ишмердүүлүктөн жабыр тарткандарды же маалыматы бар адамдарды 102 кызматына кайрылууну өтүнөт.

Scroll to Top