ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Новосибирскде кыргызстандык айдоочуга кылмыш иши козголду
29.08.2024 | 16:12
Новосибирск облусунун Чаны аймагынын полициясы Кыргызстандын жаранына Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен (жол эрежесин бузуу) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта аталган аймакта 23-августта кырсык катталып, кыргызстандык айдоочу ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда.
Орус медиалары 23-августтагы кырсыкта эки жүк ташуучу унаа кагышып, айдоочулардын бири каза болгону кабарлайт. Анын өздүгү белгисиз, жаракат алганы 33 жашта экени белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом