Ысык-Көлдө 231 балыкты мыйзамсыз кармаган үч жаран кармалды
Ысык-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрда кечки саат 21:00 чамасында Түп районунун Кичи-Өрүктүү айылынын тушунда көлдө үйлөтмө кайык жана синтетикалык тор менен балык кармап жүргөн үч жаран кармалган. Алар 28 жаштагы Б.К., 31 жаштагы А.Т. жана 30 жаштагы Т.Т. экендиги аныкталган.
Текшерүү учурунда алардан 231 даана балык алынган, анын ичинде 225 сига-лудога, төрт Ысык-Көл форели, бир судак жана бир лещ бар. Жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы 472 миң 680 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

