Касымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ала-Арча паркынын тоолорунда каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун окуясы боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүм жардам сураган учурдагы сигналдын кабыл алынышы жана өткөрүлүшү, издөө-куткаруу операциясынын уюштурулушу, бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле техникалык жана адам ресурстарынын колдонулушу текшерилет. Текшерүү ишин Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.
Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар аныкталат, ал эми мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат. Ошондой эле башкармалык текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу коомчулукка маалымат берип турууга милдеттендирилди.
Эске салсак, Ала-Арча капчыгайында жоголуп кеткен Амирдин сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 9-ноябрда Электро чокусунун аймагындагы таштардын арасынан табышкан. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм суукка тоңуп каза болгон.
Өспүрүм 7-ноябрда эртең мененки саат 7:00дө үйүнөн чыгып, Ала-Арчадагы чуркоо жарышына катышууга кеткенин айткан. Бирок жаш курагына байланыштуу жарышка киргизилбей калып, өз алдынча Адыгене капчыгайын көздөй кеткен. Ал саат 19:02де ӨКМге чалып, чокудан түшүп келе жатып адашып калганын кабарлаган. Геолокация аркылуу анын Электро чокусунда экени аныкталган.
Куткаруучулар тобу бул убакта Рацек алачыгында башка жарандарды эвакуациялап жатышкандыктан, тоодо байланыштын жоктугунан улам аларга маалымат саат 22:00дө жеткен. Түн ортосунда куткаруучулардын бир бөлүгү Электро чокусуна багыт алган. 8-ноябрда издөө иштерине кошумча куткаруучулар жана тик учак тартылып, өспүрүмдүн сөөгү табылган.