Балыкчынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду

28.09.2022 | 16:09

Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын  47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында Балыкчы шаарынын мэри бир жумадан бери жумуш ордунда жок экенин айткан.

Бакыт Шаршеев мэр болуп 15-июлда дайындалган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top