Чек ара кызматы дайынсыз болгон Дастан Анарбеков тууралуу үн катты

05.10.2022 | 14:51

УКМКнын Чек ара кызматы 17-сентябрдан бери дайынсыз болгону айтылган чек ара кызматкери Дастан Анарбеков боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Чек ара кызматынан бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылган.

“Тилекке каршы, денесинин 90% ашыгы жабыркагандыктан анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болбоду. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында  генетикалык-экспертиза – ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды”, – деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы белгилегендей, ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына кабарланат.

“Ошондой эле генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети УКМКнын Чек кара кызматынын күчү менен улантыларын маалымдайбыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Чек арачы Дастан Анабековдун апасы: Уулубузду издебей жатышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top