Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат

13.11.2023 | 22:32

Эртең, 14-ноябрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мындай чара Бишкекте өтчү КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI отурумуна арналган “Ден соолук” аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы байланыштуу.

Иш-чара өтүү учурунда Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 09:00дөн 12:00гө чейинки унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top