Бишкекте 100 миң сомдон жардам алгандардын иши текшерилди

Бишкекте 100 миң сомдон жардам алгандардын иши текшерилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаары боюнча “Социалдык келишим” программасынын аткарылышынын жүрүшүн текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, министр өз ишин ачуу үчүн мамлекет менен келишим түзүп, 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөргө тандап барды.

«Программанын жүрүшүндө борбордогу 454 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосу менен бизнес башташты. Алардын 312 же 68% ашыгы тигүү цехтерин ачышкан. Бүгүн биз Адашгүл Уркунбаеванын үй-бүлөсүнө барып келдик. Ал буга чейин алты баласына жөлөкпул алып келген. Мамлекеттин акчасына ал эки тигүүчү машина сатып алды, азыр дагы тигүүчү машиналарды сатып ала алды. Анын кирешеси айына 25 миң сомдон ашат», — деди Гүлнара Баатырова.

Министр ошондой эле төрт баланы тарбиялап өстүрүп жаткан Козубековдордун пластик терезелерди чыгаруучу цехине барды.

«Жалпысынан өлкө боюнча 2 миңден ашуун ар кандай өндүрүштөр ачылды. Бул тигүү жана жыгач устаканалары, биожерсемирткичтер өндүрүшү, пескоблок, самын, пластик терезелер ж.б.», — деди министр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>