Кыргызстандын тоо койнундагы эң кооз көлдөрү – сүрөт
Кыргызстандык саякатчы блогер Нурсултан Аттокуров социалдык тармактагы баракчасына өзү Кыргызстандын тоо койнундагы эң кооз деп эсептеген көлдөрдүн сүрөтүн жарыялады.
Сүрөттөр өлкөнүн беш облусунда дрондун жардамы менен тартылган.
– Көл-Тетири (Көл-Суу) деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан;
– Көл-Төр деңиз деңгээлинен 3080 метр бийиктикте Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан;
– Эшенкул көлү – Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Атташ капчыгайында деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан;
– Кыз-Жигит көлү – Төө-Ашуу ашуусуна (Чүй облусу) жакын жерде деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан;
– Дурбана-Көл – Чаткал районунун Кара-Токо капчыгайында деңиз деңгээлинен 2900 метр бийиктикте жайгашкан;
– Ала-Көл көлү – деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте Ысык-Көл облусунун Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан;
– Тулпар-Көл көлү Ош облусунун Ленин чокусунун этегиндеги Алай өрөөнүндө 3500 метр бийиктикте жайгашкан;
– Кош-Көл жана Беш-Көл көлдөрү – Ош облусунун Алай кырка тоолорунда деңиз деңгээлинен 4100-4200 метр бийиктикте жайгашкан;
– Кара-Камыш көлү – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу капчыгайында деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан;
– Көл-Купан көлү Жалал-Абад облусунда деңиз деңгээлинен 2900 метр бийиктикте жайгашкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Биздин Телеграм каналга катталыңыз