Кыргызстандын тоо койнундагы эң кооз көлдөрү – сүрөт

Кыргызстандын тоо койнундагы эң кооз көлдөрү – сүрөт

Кыргызстандык саякатчы блогер Нурсултан Аттокуров социалдык тармактагы баракчасына өзү Кыргызстандын тоо койнундагы эң кооз деп эсептеген көлдөрдүн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттөр өлкөнүн беш облусунда дрондун жардамы менен тартылган.

— Көл-Тетири (Көл-Суу) деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан;

— Көл-Төр деңиз деңгээлинен 3080 метр бийиктикте Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан;

— Эшенкул көлү — Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Атташ капчыгайында деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан;

— Кыз-Жигит көлү – Төө-Ашуу ашуусуна (Чүй облусу) жакын жерде деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан;

— Дурбана-Көл — Чаткал районунун Кара-Токо капчыгайында деңиз деңгээлинен 2900 метр бийиктикте жайгашкан;

— Ала-Көл көлү — деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте Ысык-Көл облусунун Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан;

— Тулпар-Көл көлү Ош облусунун Ленин чокусунун этегиндеги Алай өрөөнүндө 3500 метр бийиктикте жайгашкан;

— Кош-Көл жана Беш-Көл көлдөрү — Ош облусунун Алай кырка тоолорунда деңиз деңгээлинен 4100-4200 метр бийиктикте жайгашкан;

— Кара-Камыш көлү — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу капчыгайында деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан;

— Көл-Купан көлү Жалал-Абад облусунда деңиз деңгээлинен 2900 метр бийиктикте жайгашкан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Attokurov Nursultan / Traveller🇰🇬 (@attokurovnm)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>