Салык кызматынын улук тескөөчүсү пара алуу шеги менен кармалды

23.07.2025 | 09:36

Кызыл-Кыя шаарында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик Салык кызматынын улук тескөөчүсү П.С. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарына жаран С.А. кайрылып, салык кызматкери анын курулуш материалдарын саткан дүкөнүн текшерип, 1 миллион сомго жакын салык төлөөгө милдеттүү экенин айтып, бирок 200 миң сом пара берсе маселени “жөнгө салууну” убада кылганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ишкерден акча алгандыгы тастыкталган.

2025-жылдын 22-июлунда улук тескөөчү 2200 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан кармалды.

Азыркы тапта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top