«Жамийла» повестинин негизинде даярдалган мюзикл көрсөтүлөт

09.04.2024 | 10:28

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде даярдалган биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минтистрлиги билдирди.

Мюзиклдин бет ачары 12-апрелде саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.

Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру – Виктор Фельд

Композитору – КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев

Ырларды жазган акын – Махаббат Молдалиева

Костюмдар боюнча художник-дизайнер – Дөөлөт Рысбаев

Хореографы – КР Эл артисти Анара Нургалиева

Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова

Башкы сүрөтчүсү – Расул Кочкорбаев

Видео контент – Адан Алимбеков.

Scroll to Top