Жогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулатКыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Өкмөт күткөн миллиарддар: Былтыр 11 айда кумарканалардан бюджетке 271,2 млн сом түштү
08.01.2025 | 15:51
Кыргызстанда 2012-жылы кумарканаларга тыюу салынгандан кийин 2022-жылы кайра уруксат берилген. Кумарканаларга уруксат берген өкмөт бара-бара бюджетке жылына 1 млрд сомдон 6 млрд сомго чейин түшүп турат деп көздөгөн. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болдубу, айтор, бюджетке өкмөт күткөн миллиарддар түшө элек.
“Акчабар” жазгандай, 2023-жылы кумарканалар бюджетке 100 млн сомго жетпеген акча алып келген. Былтыр түшкөн акча көбөйгөнү менен ал да миллиарддарга жеткен жок: 2024-жылдын 11 айында 271,2 млн сом түштү.
Аталган акчанын 258,3 млн сомун кумарканалар төккөн болсо, 11 млн сому букмекердик жайлардан, 1,8 млн сом оюн автоматтарынан түшкөн.
https://reporter.kg/atazov-apam-kazinonu-koldobo-degenine-karabaj-koldogom-azyr-okynyp-zhatam-video/
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика