Олимпиада: Бүгүн Махмудов жана Жусупбеков коло байге алууга ат салышат

Олимпиада: Бүгүн Махмудов жана Жусупбеков коло байге алууга ат салышат

Бүгүн, 7-августта Париждеги Олимпиада оюндарында грек-рим балбандары Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97кг) көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло байге алууга ат салышат.

Эки балбан тең кечээ, 6-августта килемге чыгып, биринчи беттештерин утуп, чейрек финалга өткөн. Чейрек финалда жолдору болбой жеңилүү ызасын тартып калышкан.

Бирок аларды уткан балбандар финалга чыккандыктан Махмудов жана Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеш өткөрүп, андан ары коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Махмудов көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Куэро Муноз менен күч сынашат. Эгер колумбиялык спортчуну утса, коло үчүн күрөшөт. Үчүнчү орун үчүн беттеште атаандашы азербайжандык Санан Сулайманов болот.

Ал эми Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште америкалык Жозеф Рау менен таймашка түшөт. Эгер аны жеңсе, үчүнчү орун үчүн Мохамед Али Габр менен күрөшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>