Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт

19.06.2026 | 10:02
Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров 18-июнда эл аралык интеллектуалдык диалог үчүн түзүлгөн бул аянтчанын 40 жылдыгына арналган Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылыш аземине катышты, деп билдирет мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — иллюстрация

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда «Дүйнө цивилизациялык кесилиште: келечекке бирге» деген ураан алдында өтүп жаткан иш-чара ар кайсы өлкөлөрдөн келген белгилүү саясатчылардын, окумуштуулардын, жазуучулардын жана маданият ишмерлеринин башын бириктирди.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — контекст события

Форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен түзүлгөн аянтча азыркы замандын глобалдык чакырыктарын талкуулоо үчүн актуалдуулугун жоготпой келе жатканын белгиледи.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 4

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, гуманисттик баалуулуктарды сактоо жана эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 5

Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүн туруктуу өнүгүү, тоо экосистемаларын коргоо, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди колдоо жана эл аралык институттарды модернизациялоо маселелерин илгерилетүү үчүн колдонууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 6
«Биз бул абройлуу эл аралык аянтчаны бүгүн айтылып жаткан маселелерди илгерилетүү жана аларды практикалык жактан чечүүгө жетишүү үчүн колдонууга ниеттенип жатабыз», — деп билдирди мамлекет башчысы.
Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 7

Форумдун алкагында эл аралык чыр-чатактарды жоюу жолдорун, климаттык чакырыктарды, ошондой эле адамзаттын кызыкчылыгы үчүн жасалма интеллектти колдонуу ыкмаларын талкуулоо пландалууда. Иштин жыйынтыгы боюнча катышуучулар цивилизациялык трансформациялар доорундагы тынчтык маданияты, гуманизм жана жоопкерчилик жөнүндө Ысык-Көл декларациясын кабыл алууну көздөп жатышат.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 8

Форумдун ишине Албаниянын президенти Байрам Бегай, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, жазуучу Ван Мэн, тарыхчы Питер Франкопан, кинорежиссер Али Хамраев, сүрөтчү жана арт-менеджер Василий Церетели, ошондой эле Азия жана Европа өлкөлөрүнүн илим жана маданият тармагынын башка өкүлдөрү катышууда.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 9

Ошол эле учурда Ысык-Көлдүн жээгинде медиамейкиндиктин санариптик трансформациясы шартында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ортосундагы кызматташтыкты жана кесиптик диалогду өнүктүрүүгө арналган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат.

Президенттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт — фото 10
Scroll to Top