Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырды

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн маданий байланыштарды чыңдоого жана креативдүү, чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференцияда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, маданий өз ара аракеттенүү жана креативдүү экономиканы колдоо маселелери бүгүнкү күндө улуттук иденттүүлүктү чыңдоонун, адамдык капиталды өнүктүрүүнүн жана мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү факторуна айланууда.

Касымалиев дүйнөлүк экономиканын жана логистиканын трансформациясы шартында маданий байланыштар өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу негизи болуп кала берерин, бирок аларды заманбап технологиялык шарттарга ылайыкташтыруу зарылдыгын белгиледи.
«Креативдүү индустриялар маданий мурасты толук кандуу экономикалык секторго айландырууга, биринчи кезекте жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет», — деди Касымалиев.
Ошондой эле ал акыркы үч жылда маданият тармагына мамлекеттик инвестициялар 32 миллион доллардан 105 миллион долларга чейин өсүп, тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге көбөйгөнүн билдирди.
Касымалиев 2022-жылы Кыргызстанда «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын эске салды. Учурда анда 165 резидент иштеп жатат, алар кирешесинин бир пайызы өлчөмүндө бирдиктүү салык төлөшөт.

Ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) 35 жылдыгынын алкагында жаңы санариптик муунду маданий күн тартибине тартуу үчүн мааракелик даталарды — Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын колдонууну сунуштады.
«Жасалма интеллекттин тездик менен жайылышы автордук укук тармагында жаңы чакырыктарды жаратып, интеллектуалдык менчикти коргоонун санариптик механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну талап кылат. Жасалма интеллект алгоритмдерди түзөт. Адам болсо маани-маңызды жаратат. Элдерибиздин интеллектуалдык капиталын сактап, арттыралы», — деп жыйынтыктады Касымалиев.