Өлкөдө 3 миң 664 миң жалгыз жашаган карыларга социалдык кызматкерлерге жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка караганда, 927 социалдык кызматкер 9,6 миңден ашуун адамдын үйүнө барып, көзөмөлдөп турат.
Жалгыз жашаган карылардан сырткары, 2 миң 108 майыптыгы бар жарандарга, 273 жубайларга жана 3 миң 641 оор шартта жашаган балдарга жардам берилет.
Ар бир социалдык кызматкер башкарманын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес барып кабарлашып турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз