Айбек Осмонов эми депутат эмес

Айбек Осмонов эми депутат эмес

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Аталган чечим БШКнын бүгүнкү отурумунда кабыл алынып, ага комиссиянын 12 мүчөсү тең «макул» деп добуш берди. Белгилүү болгондой, буга чейин Осмонов мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.

Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо аймагынан депутат болгон. Эми аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, акыркы мезгилде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары «Райымбек Матраимов менен байланышы бар» деп айтылган депутаттар мандатын «тапшырып жатат». Буга чейин депутат Абдыбахаб Боронбаев, Нурлан Ражабалиев, Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимовдор мандатынан баш тарткан. «Матраимов менен байланышы бар» деп сөз ээрчип жүргөн депутаттардын катарына Айбек Осмонов да бар.

Ошондой эле депутаттык мандаттан Шайлообек Атазов да ажырап калышы мүмкүн. Жакында эле Бишкектин административдик соту 2022-жылдагы Свердлов шайлоо аймагы боюнча шайлоонун жыйынтыгы менен Абдурахман Муртазалиевди депутат деп таануу тууралуу чечим чыгарды. Азырынча чечим күчүнө кире элек.

2021-жылы Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган. Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынган.

Сот депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>