Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Июль айында Кыргызстанга сырттан 317,7 млн доллар акча которулган
29.09.2025 | 14:02

2025-жылдын июль айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 317,7 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, акча которуулар негизинен КМШ өлкөлөрүнөн болуп, жалпы 298,4 млн долларга жеткен. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 19,3 млн доллар которулган.
Ошондой эле июль айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 41,3 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 39,5 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө, 1,8 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика