Кылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйында

30.10.2026 | 17:42
Кылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйында — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы Бакуда өткөн Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин үчүнчү жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кыргызстандын делегациясын башкы прокурордун биринчи орун басары Ч. А. Ахматов жетектеди.

Жолугушууга ИКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар коррупциянын алдын алуу, укук коргоо органдарынын эл аралык кызматташтыгы, маалымат алмашуу жана кылмыш жолу менен алынган активдерди кайтаруу маселелерин талкуулашты.

Меккеде кабыл алынган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын кызматташтыгы жөнүндө конвенцияны иш жүзүндө колдонууга, өз ара аракеттенүү механизмдерине жана трансулуттук коррупцияга каршы биргелешкен аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында беш резолюция кабыл алынды. Алар Мекке конвенциясынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, коррупцияны баалоо ыкмаларын өркүндөтүүгө, бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтын ачыктыгын жогорулатууга, маалымат алмашууну жана кылмыштуу активдерди издөө жана кайтаруу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, ошондой эле туризм тармагында ак ниеттүүлүк принциптерин жайылтууга багытталган.

Катышуучулар коррупциялык кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана тергөөдө компетенттүү органдардын ортосундагы өз ара ишенимдин, түз кесиптик байланыштардын жана эл аралык кызматташтык механизмдерин өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Scroll to Top