Орус тили боюнча дүйнө чемпионатына чет элдиктерди каттоо башталды

22.07.2026 | 09:38
Орус тили боюнча дүйнө чемпионатына чет элдиктерди каттоо башталды — Новости Кыргызстана

Кыргыз-Орус Славян университетинин басма сөз кызматы билдиргендей, чет элдиктер арасында орус тили боюнча «World Russian Championship — 2026» дүйнө чемпионатына каттоо башталды.

Такталгандай, чемпионатты Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен «Интеробразование» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси уюштурууда.

ЖОЖдун маалыматына караганда, катышууга төрт адамдан турган командалар чакырылат: анда 21 жаштан өткөн бир насаатчы жана 16 жаштан 35 жашка чейинки үч катышуучу болушу керек.

Чемпионатка чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар катыша алат. Орусиянын жарандарына мелдешке катышууга уруксат берилбейт. Чемпионатка катышуу акысыз. Каттоо ачылды, шилтемеси: https://russianchampionship.com/.

Тандоо этабы 17-июлдан 1-октябрга чейин аралыктан (дистанттык форматта) өткөрүлөт. Сынактын катышуучулары орус тилинен тест тапшырып, портфолиосун көрсөтүп жана чыгармачылык тапшырманы аткарышы керек.

Финал 20–22-ноябрда Москва шаарында өтөт. Финалга чыккандар үчүн уюштуруучулар Орусияга барып-келүү жол киресин, визалык колдоону, жатакананы жана тамак-ашты камсыздап беришет. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн маданий жана экскурсиялык программалар даярдалат.

Жеңүүчүлөр орус тили боюнча дүйнө чемпиону наамына, чемпиондук кубокко, ошондой эле Орусиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Scroll to Top