Ноокатта жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгаруучу завод курулууда

Ноокат районунда наркы 260 млн долларды түзгөн минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү ири заводдун курулушу уланууда. Ишкана продукция чыгарууну 2026-жылдын сентябрь айында эле баштоону пландап жатат.
Т. Кулатов атындагы айыл аймагында кубаттуулугу жылына 500 миң тонна минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводду куруу долбоору ишке ашырылууда.
Курулуш иштери үч этапта жүрүүдө. Бүгүнкү күндө долбоордун биринчи этабы аяктап, административдик имарат ачылды. Пландарга ылайык, ишкана 2026-жылдын сентябрь айында продукция чыгарууну баштайт, андан кийин акырындык менен толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгат.
Долбоордун жалпы наркы 260 млн АКШ долларын түзөт. Курулуш аяктагандан кийин завод 3 миңге жакын жаңы жумуш орду менен камсыз кылат.
Ишкананын ишке кириши ата мекендик минералдык жер семирткичтерди өндүрүүнү көбөйтүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоого мүмкүндүк берет, ошондой эле Ноокат районунун жана Ош облусунун эң ири өнөр жай долбоорлорунун бири болуп калары күтүлүүдө.