Ысык-Көлдүн түбүнөн 11,6 чакырым балык уулоочу тор жана 190 кг таштанды чыгарылды

22.07.2026 | 09:30
Ысык-Көлдүн түбүнөн 11,6 чакырым балык уулоочу тор жана 190 кг таштанды чыгарылды — Новости Кыргызстана

Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери көлдүн түбүнөн жана акваториясынан жалпы узундугу 11,6 чакырымды түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлорду чыгарып, 190 килограмм тиричилик таштандыларын тазалашты.

Рейдди министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы жүргүздү. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана мыйзамсыз балык уулоонун терс кесепеттерин азайтууга багытталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан бүгүнкү күнгө чейин көлдүн түбүнөн жана акваториясынан жалпы узундугу 11 600 метр болгон эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Мындан тышкары, 190 килограмм тиричилик таштандысы табылып, белгиленген тартипте сыртка чыгарылып, жок кылынды.

Министрлик Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.

Теги: Ысык-Көл
Scroll to Top