Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тууралуу маалымат бергендер сыйланат

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тууралуу маалымат бергендер сыйланат

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тууралуу маалымат берген жарандарга акча төлөө сунушталууда. Бул боюнча Мамлекеттик думанын депутаты Сергей Каргинов демилгелеп, кайрылуусун Ички иштер министрлигине жөнөткөнүн кабарлады.

Эл өкүлү аны менен өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч жараткан мигранттарды таап чыгууга жол ачмакчы. Анын айтымында, орусиялыктар мигранттар топтолуп жашаган батирлердин даректерин жөнөтүп турушу керек. Ал үчүн 100 миң рубль төлөнөт.

«Криминалдашкан мигранттар өлкөгө мыйзамсыз жол менен киришет. Так ошолор кооптуу жана алар жалпы эле өлкөгө келгендердин атын булгап, көө жаап жатышат. Эгер алар жашаган жерлер тууралуу маалымат берилип турса, биздин укук коргоо органдары дароо кармап, аларды мыйзамсыз жол менен ташып келгендерди дагы колго түшүрмөк», — дейт Сергей Каргинов.

Орусиялык медианын маалыматында, 3-4 миллион киши РФда мыйзамсыз жашайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу учурлары көбөйүп, аэропорттордо узак текшерүүдөн өтүп жатканына тынсыздануусун билдирди.

Кыргыз жарандарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу маселеси талкууланды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>