Бекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыркы жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекеттин балансына өткөрүлгөн мүлктөр боюнча парламент саясий баа бериши керек экенин билдирди.
Жыйында сүйлөп жатып ал ишкерлер тарабынан бул маселе боюнча суроолор дагы эле көтөрүлүп жатканын жана прокуратура органдарына жөнөтүлгөн кайрылуулар жыйынтык бербей жатканын айтты.
Депутаттын айтымында, расмий жооптордо ишкерлер өздөрүнүн мүлкүн, жер тилкелерин жана башка активдерин мамлекетке ыктыярдуу өткөрүп беришкен деп көрсөтүлүүдө.
«Бизнес азыр көп маселелерди көтөрүп жатат. Биз Башкы прокуратурага каттарды жөнөтүп жатабыз. Алар болсо негиз жок деп, мүлктөрдү өздөрү ыктыярдуу беришкен деп жооп берип жатышат. Бирок баарыбыз түшүнөбүз да, бул ыктыярдуу болгон эмес. Шайлоо учурунда каражат чогултуу кандай кыйын экенин жакшы билем. Ал эми бул жерде бизнесмендер имараттарын, жерлерин жана башка мүлкүн өз каалоосу менен берип жатат деп айтылып жатат», — деди Бекешев.
Ал мамлекеттин карамагына өткөн мүлктөрдү кайра кайтарып берүү мүмкүн эместигин, бирок алардын кандай жолдор менен өткөрүлгөнүнө сөзсүз баа берилиши керектигин белгиледи.
«Мамлекет эми булардын баарын кайра кайтарып бере албайт. Мүлк мамлекеттики болуп калды. Бирок биз бул маселеге чекит коюп, анын кандай болгонун ачык айтышыбыз керек», — деди депутат.
Анын пикиринде, айрым учурларда мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп, адамдарга басым жасалган болушу мүмкүн.
«Эгерде мүлк мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын колдонуу аркылуу, басым менен алынган болсо, эгер адамдарга коркутуу же башка таасир этүү ыкмалары колдонулган болсо, анда буга сөзсүз баа берилиши керек», — деп белгиледи ал.
Бекешев өз сөзүндө криминалдык авторитет катары таанылган маркум Камчы Көлбаев менен байланыштырылып келген активдер тууралуу маселени да көтөрдү.
«Азыр Көлбаевдин мүлкү кайда деген суроо жаралууда. Көрсө, анын бардык мүлкү мамлекеттин балансына өткөн эмес экен. Муну дагы изилдөө керек. Бул иштер кандай жүргүзүлгөнүн жана активдердин тагдыры кандай болгонун тактоо зарыл», — деди депутат.
Ал бул маселени кийинки парламенттик сессияда кеңири карап чыгып, саясий баа берүү керек экенин сунуштады.
«Эгерде биз саясий баа бербесек, анда тарыхта баары туура болгон экен деген түшүнүк калып калат. Бул башкалар үчүн үлгү болуп калышы мүмкүн. Балким, 10–15 жылдан кийин дагы кимдир бирөөлөр ушундай жол менен менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын кайра карап чыгууга же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча чечимдерди жокко чыгарууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан бул туура болгонбу же туура эмес болгонбу — аныктап алышыбыз керек», — деди Бекешев.
Анын айтымында, сөз айрым объектилердин тагдыры жөнүндө гана эмес, жеке менчик укугун коргоо, инвестициялык климат жана бизнестин мамлекеттик институттарга болгон ишеними тууралуу да болуп жатат.