Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкекте Киев көчөсүн оңдоого байланыштуу 14 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү
16.06.2026 | 10:04

Бүгүн, 16-июндан тарта Бишкек шаарындагы Киев көчөсүн оңдоп-түздөөгө байланыштуу 14 автобустук каттамдын жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Бишкек мэриясынын маалыматында, төмөнкү каттамдардын багыты өзгөрөт:
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.
Иш жүрүп жаткан учурда аталган автобустар альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт. Автобустардын өзгөргөн жүрүү схемасын ушул шилтемеден караңыз.
Мэрия шаар тургундарына жана конокторуна коомдук транспорттун жаңыланган багыттарын алдын ала тактап алуу сунуштады. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек