Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койду
18.06.2026 | 17:55

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовду кызматынан бошотуу тууралуу тескемеге кол койду.
Президенттин администрациясы билдиргендей, чечим Кыргызстандын Конституциясынын 71-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесине ылайык кабыл алынды.
Маткаликов башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы такталды. Ал Манас шаарынын мэри кызматын 2026-жылдын февраль айынан бери аркалап келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом