27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Пара-триатлон боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчулар ийгилик жаратышты
10.11.2025 | 12:39

Пара-триатлон боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчу Гүлназ Жузбаева алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кубок 8-ноябрда Чили Республикасында өткөн.
Анда көзү азиз спортчу аялдар (PTVI Women) категориясында Гүлназ Жузбаева коштоочусу Оксана Рыбакова менен бирге биринчи орунду камсыздаган.
“Аталган жеңиш дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна кирип, кыргыз триатлону тарыхында алгачкы ийгилик болду”,- деп билдирди агенттик.
Ал эми көзү азиз спортчу эркектер (PTVI Men) категориясында Жалалдин Абдувалиев коштоочусу Иван Сушков менен төртүнчү орунду ээлеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт