Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Ош шаарында 10 жаңы сквер ачылды
11.06.2026 | 09:46

10-июнда Ош шаарында 10 сквер пайдаланууга берилди. Шаар мэриясынын маалыматында, жаңы скверлердин жалпы аянты 2,57 гектарды түзөт.
Объектилерде тротуарлар төшөлүп, жарыктандыруу мамылары, отургучтар жана таштанды урналары орнотулган. Ошондой эле айрым аймактардагы көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары актап-сырдалган.
Жашыл аймактарды түзүү иштерин «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы аткарган. Н. Исанов көчөсүндөгү скверди жасалгалоого Кызыл Ай коому салым кошкон.
Шаар мэри Жанарбек Акаев скверлердин ачылышына катышып, жашылдандыруу иштери улантыларын жана дагы 10 скверди куруу боюнча чечим кабыл алынганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош