Жайытты мотоцикл менен тебелеген жаранга айып пул салынды

Чүйдө жайытты мотоцикл менен тебелеп, аны видеого тартып, соцтармактарга тараткан жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, соцтармактардын биринде эндуро мотоцикли менен жайыт жана жашыл аянттарды тебелеп жүргөн жарандын видеосуна байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында эреже бузган К. уулу К. аттуу жаран аныкталып, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын майында Кыргызстанда жайыттарда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана парктык-пляждык зоналарда мототранспорт каражаттарын айдоого тыюу салынган токтом кабыл алынган. Мындай чара экосистемаларды сактоого жана жаратылыш ландшафттарынын бузулушун алдын алууга багытталат. Ал эми эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул каралган.